БИШКЕК. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Чынара Асанова «Оберон» соода борборундагы жарылууну иликтөөгө байланыштуу «Кыргызинфо» агенттиги тараткан маалыматты 28-февралда жокко чыгарды. Агенттик «Кыргызстандын атайын кызматтары окуя болгон жерден алынган далилдерди экспертизадан өткөрүш үчүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына кайрылып, макулдук билдирген жооп алганын» жума күнү жазган эле. Анда, «Оберондо» болгон кырсыктын себебин ачууга көмөктөшүү максатында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын адистери жакын арада Кыргызстанга келиши күтүлүп жатканы айтылган.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына жардам сурап кайрылбагандыгын белгилеген Ч. Асанова «Оберон» кырсыгы боюнча экспертизалык иликтөө уланып жаткандыгын, бирок анын жыйынтыгы чыга электигин билдирди.
Бишкектин «Дордой» буюм-тайым базарынын аймагында жайгашкан «Оберон» соода борборунда былтыр 27-декабрда жарылуу болуп, андан 7 киши каза тапкан. Буга чейинки билдирүүлөрдө террордук акт кырсыктын болжолдуу себептеринин бири катары айтылып жүргөн.