Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Соңку он жыл ичинде Кыргызстандын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1,5 миллиард сом кредит жана ссуда берилген


БИШКЕК. 1992-2002-жылдар аралыгында Кыргызстандын айыл жериндеги товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттин казынасынан жана чет элдик кредиттердин эсебинен 1 миллиард 500 миллион сом өлчөмүндө кредиттер жана ссудалар берилген. Бул тууралуу шаршемби күнкү өкмөттүн жыйынында өлкөнүн Финансы министрлигинин алдындагы Экономикалык өнүктүрүү фондунун жетекчиси Азим Исабеков билдирди. Анын айтымында, 2003-жылдын 1-январына карата элге берилген мындай каражаттын 45% же 397 миллион сом, ал эми Япония өкмөтү берген кредиттин 40% кайтарылган. Исабековдун маалыматына караганда, учурда элге берилген акчаны кайтаруу бир топ кыйынчылык жаратууда. Анткени кредит алган субъектилердин көпчүлүгү Совет доорундагы колхоз-совхоздор болуп, алар эгемендүүлүк мезгилинде жоюлуп кетишкен.

XS
SM
MD
LG