Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Келгиндерге жарандык берүү маселеси Баткенде талкууланды


БАТКЕН. Облустун аймагында жашаган памирдик жана ферганалык кыргыздардын өкүлдөрү менен Тышкы иштер министрлигинин миграциялык департаментинин кызматкери Замира Белекова, Түштүк аймагы боюнча миграция башкармалыгынын жетекчиси Салима Исмаилова жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугушту. Өз сөзүндө алар жарандык берүү маселесинин татаалдыгына, Тажикстан менен Өзбекстандын кайдыгер мамилеси бул маселени оңунан чечүүгө тоскоол болуп жатканына токтолушту. Ошондой эле ушу тапта кошуна өлкөлөрдөн көчүп келгендер сөзсүз түрдө каттоодон өтүшү керек экендиги эскертилди. Ал эми жыйынга катышкан чет жакалык кыргыздардын өкүлдөрү эч кайсы өлкөнүн жараны болбой эки ортодо калып, адамдык укуктары бузулуп жатканын айтышып, жарандык берүү маселесин тез арада чечип берүүнү өтүнүштү. Облустун аймагында Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн 7400 памирдик жана ферганалык кыргыздар бар.

XS
SM
MD
LG