Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Оппозиция курултайдын экинчи отурумун өткөрөт


Кыргыз элдик курултайынын экинчи отуруму жакын арада өткөрүлөт. Бул тууралуу «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо кыймылынын» төрагасы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров маалымдады. Анын айтымында, учурда курултайдын кайсы жерде өтүшү боюнча үч түрдүү сунуш түштү.
«Бүгүнкү күнгө чейин Ош облусунун Каракулжа районунан, Ош облусунун борбордук стадионунда өткөрүү жана Таласта өткөрүү тууралуу сунуш түштү. Биз жакынкы күндөрү курултайдын качан, кайсыл жерде өткөрүлөөрүн жарыялайбыз», деди Бекназаров. Анын айтымында, курултайдын күн тартибинде 2-февралдагы референдумдун жыйынтыгы, Аксы окуясында күнѳѳлүү деп табылгандарды соттоонун адилетсиз жыйынтыгы, Кыргыз жеринин Кытайга берилиши жана соңку он жылдын ичинде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тууралуу маселелер каралат. Үчүнчү курултайдын биринчи отуруму ушул жылдын 25-январында Бишкекте өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG