Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Мыйзам чыгаруу жыйыны «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу» мыйзам долбоорун кайрадан комитеттердин кароосуна сунуштады


БИШКЕК. Бейшемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «Жогорку Кеңештин регламенти» тууралуу мыйзам долбоорун комитеттерде кайрадан кароону сунуштады. Талкуунун жүрүшүндө Махмуд Күчүков, Турдакун Усубалиев, Темир Сариев жана башка депутаттар аталган мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулоону сунуш кылышты. Ал эми Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков жана «Коммунисттер» фракциясынын депутаттары аны шашпай комитеттерде карап, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен палатанын кароосуна коюуну жакташты. Кызуу талаш-тартыштан соң депутаттар маселени кайрадан комитеттерде карамак болушту.
Жакында референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы боюнча 2005-жылдан баштап бир палаталуу парламент иштей тургандыгы, ал эми Жогорку Кеңеште комитеттердин санын жетиге чейин кыскартуу белгиленген. Ага ылайык Жогорку Кенештин кош палатасы жакын арада жогоруда сөз болгон мыйзам долбоорун кабыл алууга тийиш.

XS
SM
MD
LG