БИШКЕК. Белгилүү акын Жоомарт Бөкөнбаевдин Бишкектеги Эркиндик сейил багында орнотулган эстелигин уурдаган адамдар кармалды. Бирок эстелик алюминийден жасалгандыктан, кылмышкерлер аны эритип салганга үлгүргөнү маалым болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы шаршембиде кабарлады. Аларга каршы кылмыш иш козголду. Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелиги 17-март күнү кечинде уурдалып кеткен.