Тажикстан парламенти бүгүнкү отурумунда өлкө конституциясын өзгөртүү боюнча жалпы элдик референдумду 22-июнда өткөрүү тууралуу чечим кылды. Конституцияга жүздөн ашык өзгөртүү жана толуктоо кигизилет, алардын бири боюнча - азыркы президент Эмомали Рахмоновдун кайрадан президент болуп шайланышына тыюу салган эреже алып салынат. Рахмонов биринчи жолу президент болуп 1992-жылы жети жылдык мөөнөткө, андан соң 1999-жылы беш жылдык мөөнөткө шайланган.