Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Кофи Аннан АКШ менен Британия карапайым ирактыктардын амандыгы үчүн жоопкер экендигин эскертти


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө уюмдун баш катчысы Кофи Аннан мындай деди:
"Ар кандай аскердик оккупация аймагында, калктын амандыгы үчүн жоопкерчилик баскынчылык кылган тараптын мойнунда болот". Аннан ошондой эле уюмдун кызматкерлери жана каруу-жабдыктары Иракта гуманитардык зарылчылыкты эске алуу менен жайгаштырылып жаткандыгын маалымдады.
Дүйшөмбүдө Кофи Аннан Иракта мунайды азык-түлүккө алмаштыруу программасын токтотууга буйруган эле. Бул программа аркылуу Ирак калкынын 60 пайызы күнүмдүк азык-түлүк менен камсыздалчу.

XS
SM
MD
LG