Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Түркиянын өкмөт башчысы америкалык учактар өлкөнүн аскер базаларын пайдалана албайт деди


Түркиянын парламенти бүгүн АКШнын аба күчтөрүнө өлкөнүн аба мейкиндигин пайдаланууга берүү маселесин талкуулайт. Бирок өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган маселе оңунан чечилген күндө да, америкалык согуш учактары Түркиянын аба базаларын май куюу үчүн да пайдалана албай тургандыгын эскертти.
Мурда Түркиянын парламенти Иракка түндүктөн кол сала турган 62 миң америкалык аскерди кабыл алуудан баш тарткан эле. Натыйжада Вашингтон Түркияга ондогон миллиард доллардык экономикалык жардам көрсөтүү сунушун кайтарып алган.
Анын аралыгында, Италиянын парламенти премьер-министр Силвио Берлусконинин өтүнүчүн канааттандырып, АКШ баштаган коалициялык күчтөргө өлкөнүн аба мейкиндигин жана согуштук базаларын пайдаланууга уруксат берди. Ошол эле кезде Берлускони "базаларды Иракка түз кол салуу үчүн колдонууга уруксат берилбейт" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG