Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Кошмо Штаттар Иракта согуш аракетин баштады. Багдад бомбаланды


АКШнын президенти Жорж Буштун президент Саддам Хусейнге жиберген Ирактан чыгып кетүү ультиматумунун мөөнөтү аяктагандан бир жарым сааттан кийин согуш аракеттери башталды.
Президент Буш сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, аскердик өнөктүк создугуп кетиши да ыктымал экенин эскертти. Саддам Хусейн согуш аракеттери башталгандан көп узабай, сыналгы аркылуу сүйлөп, бул чабуул Иракка жана жалпы адамзатка каршы багытталган «уятсыз согуш» деп айтты. Согуш аракеттеринин алдында 300 миңдей америкалык жана британ аскерлери Иракка басып кирүү үчүн Перс булуңуна топтоштурулган.

XS
SM
MD
LG