Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Нооруз Ошто майрамдалды


20-марттан 21-мартка караган түнү Сулайман тоосунун этегинде Ош мамлекеттик университетинин жардамы менен даярдалган кадыр түн салтанаты өкүм сүрдү. Шаардын жети чөлкөмүндө ишкана, уюмдар тарабынан сүмөлөк бышырылып, өз жамааттарына жана жалпы элге таратылды. Эртең менен Акбуура дарыясынын оң жээгине, Токтогул багынын маңдайына бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, аялдар, жаштар тобу Нооруз шааниси боюнча көчөт отургузушту. Ал эми Ноорузга арналган башкы салтанат адаттагыдай эле Ош облусттук мамлекеттик акимчилигинин алдындагы борбордук аянтта өткөрүлдү. Ош шааррынын мэри Жантөрө Сатыбалдиев, облус губернатору Накен Касиев шаардагы, облустагы ийгиликтерди белгилеп, эл-журтту майрамы менен кызуу куттукташты. Театрлаштырылган көркөм баянда кыргыз тарыхы, Нооруздун маани-маңызы чагылдырылып, алас айтылды. Өлкөгө, ордобузга тынчтык, ынтымак ырашкерлик тиленди.

XS
SM
MD
LG