Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Көмүскө экономика Кыргызстанда күчөдү


Кыргызстандагы көмүскө экономика республиканын ички дүң жыйымынын 50% түзөт. Бул тууралуу республикадагы көмүскө экономиканы иликтеген өкмөттүк комиссиянын жыйында, аталган комиссиянын жетекчиси Равкат Хасанов маалымдады. Анын айтымында, Кыргызстанда көмүскө экономиканын өлчөмү барган сайын өсүүдө. Анын башкы себеби, өлкөдөгү салык системасынын, ишкерчиликти жүргүзүүдө уруксат алуу жол жоболорунунун оордугу жана жарандардын өлкөдөгү сот системасына ишенбегендиги менен байланыштуу. Аталган комиссия өкмөт башчысынын 2002-жылдын 21-августагы жардыгы менен түзүлгөн. Бейшемби күнкү отурумда өлкөдөгү көмүскө экономиканын себеби жана аны жоюунун жолдору боюнча комиссия иштеп чыккан программанын долбоору талкууга алынды.Жакын арада программа өкмөттүн кароосуна коюлат.

XS
SM
MD
LG