Өлкөнүн тышкы иштер министри Орусия Улуттар Уюмунун согушту мыйзамдаштыруу чараларына каршы чыгаары билдирди. Игорь Иванов Орусия өз кызыкчылыгын коргоого тийиш экенин жана Ирак менен кол койулган ишкер келишимдердин бузулушуна жол бербөөгө тийиш экенин баса белгиледи. Кечээ Франциянын президенти Жак Ширак АКШ менен Британиянын башчылыгы алдында Иракта орнотула турган өкмөттү тааныбай турганын билдирди.