Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Президент Путин Чеченстандагы референдумдун жыйынтыгына ыраазы


Россиянын президенти Владимир Путиндин сөзүнө караганда Чеченстандын жаңы конституциясы боюнча жекшемби өткөн референдум чечендердин “тынчтыкта жана Россия менен чогуу өнүгүүнү каалаганын” көрсөттү. В. Путиндин айтымында:
- Референдумдун натыйжасы оңдуу болду. Анын натыйжасы позитивдүү болот деп күтүлгөн, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы биздин өтө оптимистүү болжолубузду ашып түштү. Бул Чеченстандын калкы тынчтыкты жана Россия менен чогуу өнүгүүнү тандап алды дегенди билдирет.
Борборшайлоокомдун маалымдашынча, добуш берген шайлоочулардын 96 проценттен көбү Чеченстан “Россиянын ажырагыс бөлүгү” болуусун жакташкан.
Чечен жикчилери добуш берүүнүн жыйынтыгын “саясий көз бойомочулук” деп аташкан.
Ал эми Евробиримдик референдумдун жыйынтыгын “оң жылыш” катары баалады.

XS
SM
MD
LG