Шаршембидеги саммитте Ирактагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана аларга байланыштуу башка да маселелер талкууланат. Блэрдин айтымында, саммитте Ирак согушу боюнча АКШ-Британия биримдиги менен Франция, Германия жана башка Европа өлкөлөрү ортосунда келип чыккан ажырымды жөнгө салуу жолдору да сөз болот «Мен президент Буш менен Кэмп-Дэвиддеги резиденцияда кездешип, согуштан сырткары Америка жана Европа бири-бирине атаандаш эмес, өнөктөш-өлкөлөр катары кеңешип чече турган Ирактагы гуманитардык кризис, согуштан кийин Иракты калыбына келтирүү, Саддамдан кийинки бийлик, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны, ошондой эле араб дүйнөсүнө тийиштүү маселелерди талкуулай»,- деп айтты Блэр.
АКШ президенти менен жолуккан соң бейшембиде Тони Блэр Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан менен сүйлөшүү өткөрөт.
АКШ президенти менен жолуккан соң бейшембиде Тони Блэр Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан менен сүйлөшүү өткөрөт.