Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Кыргызстандагы Укук коргоо кыймылы билдирүү кабыл алды


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Дулатовдун камакка алынышына байланыштуу бүгүн Кыргызстандагы Укук коргоо кыймылы шаршемби күнү билдирүү менен чыкты. Анда Т. Дулатовдун камакка алынышы саясий куугунтук катары бааланып, аны бошотуш үчүн активдүү аракеттер жасалаары айтылган. Бул тууралуу Укук коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, 2-февралдагы референдумга көзөмөл жүргүзгөн коомдук штаб добуш берүүнүн жыйынтыгы фальсификацияланганын ачыктап чыккан, демек коомдук штабдын активистеринин бири болгон Тынчтыкбек Дулатовду камакка алуу - мына ошол билдирүү үчүн бийликтин оппозициядан өч алуусу. «2-февралда киши уурдоого катышкан» деп айыпталган Т. Дулатов дүйшөмбү күнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан камакка алынган.

XS
SM
MD
LG