Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:50

Түркия аргасы кеткенде гана Түндүк Иракка аскер жибериши мүмкүн


Түрк армиясынын баш командачысы генерал Хилми Өзкөк бүгүн "аскер жиберүүнү сөзсүз АКШ менен акылдашып туруп чечебиз" деди:
- Биздин стратегиялык шеригибиз Америка аймакта согуш жүргүзүп жаткандыктан, биз өз аракетибизди АКШ менен координациялайбыз, бардык зарыл кадам түшүнбөөчүлүккө жол бербөө максатында жасалышы керек.
Түндүк Иракта азыр 1997-жылы жайгаштырылган бир нече миң түрк аскери турат. АКШ кошумча аскер киргизүү күрдүлөр менен кагылышууга алып келет деп эскертүүдө.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG