Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:51

Укук коргоочу уюмдар АКШ Конгрессине кайрылмак болушту


БИШКЕК. «Согуш - бул абалдан чыгуу эмес, туюкка кептелүү» деген ураандын алдында жазылган кайрылууну Кыргызстандагы онго жакын укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү 28-мартта Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу АКШ Конгрессине жөнөтүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу бейшембиде Адам укугун коргоо бюросунун жетекчиси Наталья Аблова «Азаттыкка» билдирди. Кайрылууда АКШ даңазалаган адам укугунун жана демократиянын урматы үчүн согушту токтотуу зарылдыгы белгиленген. Ага кол койгон бейөкмөт уюмдардын катарында «Интербилим», «Журналисттер кырсыкта», уюмдарынын, Жаштардын укук коргоо уюмунун, Жарандык лидерлер форумунун, Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин, Укук коргоо кыймылынын, Бишкектеги Хельсинки тобунун өкүлдөрү бар. Уюмдардын өкүлдөрү кайрылууну тапшыруу максатында АКШ элчиси менен жолугушуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Ал эми укук коргоочу Турсунбек Акундун билдиргенине караганда, ушул эле жума күнү бир катар бейөкмөт, диний уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү Ирактагы согушту токтотууну талап кылып, АКШ элчилигинин алдына пикет өткөрүүнү болжоп жатышат.

XS
SM
MD
LG