Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Ош облустук кеңеши Ноокат шаарын түзүүнү Жогорку Кеңешке жана кыргыз өкмөтүнө сунуштады


ОШ. Ош облустук кеңешинин депутаттары Ноокат районунун борбору болуп саналган Эскиноокат айыл кеңешинин административдик аймагына кошуна турган Чечмесай, Гүлстан айыл кеңештеринин айрым аймактарын кошуу туралуу Ноокат райондук кеңешинин чечимин жактырышты. Андан кийин ошол кошумча курамдагы Эскиноокат айыл кеңешинин базасында районго баш ийген Ноокат шаарын түзүү тууралуу депутаттардын райондук кеңешинин сунушун бир добуштан колдоого алып, чечимди өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтмөй болушту. Район борборунда учурда 13320 адам жашайт.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG