Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Президент А. Акаев апрелдин башында Финляндияга барат


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев 2-апрелде эки күндүк иш сапары менен Финляндия Республикасына бараары күтүлүүдө. Президент баштаган расмий делегациянын иш сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда эки макулдашууга кол коюлаары болжолдонуп жатат. Алар - инвестицияларды өз ара коргоо жана кеңейтүү тууралуу, ошондой эле кош салыкты жана киреше менен капитал салыктарын жашырууга жол бербөө тууралуу макулдашуулар. Иш сапарынын учурунда А. Акаев Финляндиянын президенти Тарье Каарин Халонен, бул өлкөнүн экс-президенти, ЕККУнун азыркы төрагасынын Борбордук Азия боюнча өкүлү Мартин Ахтисаари, парламенттин төрайымы Аннели Ятенмаки өңдүү мамлекеттик ишмерлер жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG