Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:00

ДҮЙНӨ МАМЛЕКЕТТЕРИНДЕ ИРАК СОГУШУНА КАРШЫ ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР УЛАНЫП ЖАТАТ


Дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринде Ирактагы согушка каршы чыгуулар уланууда. Берлин шаарынын көчөлөрүнө 29-мартта 50 миң адам чыкты, ал эми 40 миңге жакын адам кол кармашып алып, Алманиянын Оснабрюк менен Мюнстер шаарларынын ортосундагы жол боюнда турушту. Миңдеген адам Штуттграт шаарындагы америкалык аскерий базаны курчады. Афин, Варшава жана Париж шаарларындагы демонстрацияларга да миңдеген адам катышты. Виетнам, Орусия, Түштүк Корея жана Түштүк Африкада америкалык элчиликтер алдында каршылык митингдер болуп өттү. Ыстамбулдагы митингди полиция күч менен таратты, отузга жакын адам кармалды.

XS
SM
MD
LG