БИШКЕК. 2-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Миронов келет. Ал Бишкекте Жогорку Кеңештин палаталарынын төрагалары Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, премьер-министр Николай Танаев менен жолугушууларды өткөрөт. Сергей Миронов Бишкекте Кыргыз-Орус (Славян) университетинин мугалимдери менен да жолугушат. Орусиянын Федералдык кеңешинин төрагасы 3-апрелде Бишкектен Дүйшөмбү шаарына жөнөп кетет. Бул тууралуу бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматы кабарлады.