БИШКЕК. Бүгүн коргоо министри Эсен Топоев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Хун Цзюинь кол койгон протоколго ылайык Кытай тарап Кыргызстанга 10 млн. юанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев маалымдады.