Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Евросоюздун жети өлкөсү мини-саммит өткөрдү


Алардын баары союздун туруктуу төрагалык кызматын киргизүү сунушуна кайрадан каршы чыгышты. Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Клод Жанкердин пикири боюнча, туруктуу жетекчилик кызмат киргизилсе Евросоюзда бийлик таасирдүү мүчөлөрдүн үлүшүнө үлөштүрүлүп кетет жана чакан өлкөлөрдүн кызыкчылыктары анчейин эске алынбай калат. Азыркы тартип боюнча, союзга ар бир өлкө ротациялык негизде төрагалык кылышат. Бул системаны өзгөртүп,туруктуу төрагалык кызмат киргизүү идеясын Британия, Франция, Германия жана Испания сунуш кылышкан эле. Евросоюздун бийлик институттарын реформалоонун долбоору ушу тапта атайын Конвентте даярдалып жатат.

XS
SM
MD
LG