Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

СЕРГЕЙ МИРОНОВ: «ЧЫНДЫК КИМ ТАРАПТА БОЛСО ЖАНА КИМ УКУКТУ САКТАСА, ОШОЛ КҮЧТҮҮ БОЛОТ»


Орусиянын Федералдык кеңешинин төрагасы Сергей Миронов Кыргызстанда расмий иш сапар менен болду.

Орусиянын Федералдык кеңешинин төрагасы Сергей Миронов Кыргызстанга Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин чакыруусу менен келди. Анын Алтай Бөрүбаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, премьер-министр Николай Танаев менен жолугушууларында эки өлкөнүн кызматташтыгы, анын ичинде парламенттердин байланышы жана дүйнөлүк саясий кырдаал тууралуу сөз жүрдү. Ал эми премьер-министр Николай Танаев болгон бүгүчкү жолугушууда Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштар талкууланды. Жолугушууларды жыйынтыктоочу эч кандай документке кол коюлган жок.

Николай Танаев жолугушуу учурунда Кыргызстан орусиялык ишкерлердин келип иштеши үчүн 4,5 миңдей мыйзам актыларындагы тоскоолдуктарды алып таштап, шартты жакшы түзгөн менен алардын келбей жаткандыгын билдирди.

- Орусиялык ишкерлер биздин экономиканы көтөрүүгө абдан начар катышып жатышат, - деди Кыргызстандын өкмөт башчысы. Ал ошондой эле совет доорунда Майлысуу, Кажысай, Карабалта шаарларынын четине көмүлгөн уран калдыктарын тезинен зыянсыздандырууга жардам сурады.

Орусиялык делегациянын иш сапарынын учурунда эки тараптын тең көңүл чордонунда турган маселе - Ирактагы согуш жана дүйнөдө ага байланыштуу түзүлгөн акыркы кырдаал болду. Сергей Миронов журналисттердин бул боюнча берген суроолоруна жооп берип жатып, Иракка каршы түзүлгөн коалицияны сынга алды:

- Чын-чынына келгенде акыйкат ким тарапта болсо жана ким укукту сактаса ошол баарынан күчтүү болот. Бул жерде Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын Коопсуздук Кеңешинин чечими күчтүү. Ошондуктан АКШ эртеби, кечпи, керек болсо согуштан кийин деле Ирактагы кырдаалды жөнгө салыш үчүн БУУга кайрылбай кое албайт, БУУнун чечимисиз эч нерсе кыла албайт. Анткени АКШ ислам динин туткан мамлекетке каршы согушуп жатат. Бул жөнөкөй регион эмес, өтө татаал регион.

Сергей Миронов ушул өңүттөн алып караганда КМШнын жана Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген мамлекеттердин коопсуздугу үчүн бирдиктүү аракеттер зарыл экендигин билдирди. Анын айтымында, Орусия ушундан улам Кыргызстандын Кант аба майданында өз авиабазасын түзүүгө аракеттенип жатат жана ал АКШ баштаган антитеррористтик коалициянын «Манас» аба майданына жайгаштырылган күчтөрүнө карама-каршы коюлган жери жок.

- Бул ошого каршы берилген жооп эмес. Бул Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген мамлекеттердин эрки. Азыр Жакынкы Чыгышта абдан кыйын кырдаал түзүлдү. Анын таасири Борбордук Азияга ар кандай формада жетиши ажеп эмес. Ошон үчүн биз аны күтүп олтурбастан, коопсуздук жаатында алдын ала чара көрүүгө милдеттүүбүз.

Жолугушууларда Кыргызстандагы демократиялык процесстер жана ага карата Орусиянын мамилеси тууралуу да сөз жүрдү. Бул боюнча Миронов мындайча оюн айтты:

- Демократиянын башкы принциби - бул эл өкүлдөрү жана алардын бийлик органдарын түзүү. Бул жагдайдан алганда Кыргызстанга доо койо турган эч бир негиз жок. Анткени, референдумдан кийин президент менен өкмөттүн бир топ укуктары парламентке берилди.

Сергей Миронов бул күнү Орусиянын «Парламентская газетасынын» Кыргызстандагы кабарчылар пунктун ачты жана Кыргызстандагы Славян университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушту. Ага ушул университеттин «ардактуу профессору» деген наамы ыйгарылды. Борбордук Азия мамлекеттерин кыдырып жүргөн Орусиянын спикери бүгүн кечинде Бишкектен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына учуп кетти.

XS
SM
MD
LG