Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Кыргызстанга орусиялык милициялар келишет


БИШКЕК. Орусия Федерациясынын ички иштер министрлигинин адистери менен эксперттерден куралган делегация 6-апрелде эки күндүк иш сапары менен Кыргызстанга келет. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын ишембиде кабарлашынча, орусиялык милиция кызматкерлери иш сапарын эки тармактын өз ара макулдашууларынын чегинде ишке ашырууда. Адистер өлкөнүн материалдык-техникалык базасынын жагдайларына, орусия көрсөткөн жардамдардын көлөмүнө байкоо жүргүзөт. Ошондой эле милиция кызматкерлери Ысыккөл облусундагы жылкы чарбаларына барып, сатып алууга ылайыктууларын тандашат. Болжолдуу маалыматтарга караганда, Орусия өзүнүн ички иштер кызматынын атчан бөлүктөрү үчүн 100 жылкы сатып алууну көздөп жатат. Иш сапарынын акырында орусиялык милиция кызматкерлерин Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков кабыл алары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG