Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Баткен облусунда ветеринария кызматкерлеринин ассоциациясы түзүлдү


БАТКЕН. Бул ассоциацияны түзүү жыйынына Европалык коомчулуктар комитетинин ассистенти Марипа Кичинебатырова, айылдык кеңеш кызмат уюмунун өкүлү Мураталы Айтматов, республикалык ветеринария департаментинин башкы адиси Мусабек Абдыкеримов катышты. Жергиликтүү ветеринария кызматкерлерине мындай ассоциациянын зарылдыгы жана келечеги жөнүндө маалымат берилди. Андан соң ветеринар-дарыгерлер өз ассоциациясын түзүп, аны «Баткен облустук ветеринарлар ассоциациясы» деп аташты. Жаңы уюмдун уставы талкууга алынып, жетекчиси шайланды. Мындай ассоциация түзүү менен ветеринарлар менчик малды дарылоону өнүктүрүүгө, бул тармактагы ишти жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышат.

XS
SM
MD
LG