Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:47

Профсоюздар федерациясы кыймылсыз мүлккө салык киргизүүгө нааразы


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү менен финансы министри Болот Абилдаев, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиев жолугушту. Жолугушууга Профсоюздар федерациясынын Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарына кыймылсыз мүлккө салынган салык боюнча жиберген тынчсыздануу каты түрткү болду. Катта кыймылсыз мүлккө салык салык салуу, анын ичинде жашап турган үйлөрү, квартиралары үчүн салык алуу ансыз да жакыр жашаган калктын абалын начарлатаары эскертилип, бул салыкты киргизбеш керектиги айтылган. Өкмөт мүчөлөрү бул салык Кыргызстандын тышкы карызын төлөө жана жергиликтүү бийлик органдарынын каражатка көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн киргизилгенин түшүндүрүштү. Профсоюз өкүлдөрү болсо «мыйзамды ишке ашырууда салык алынбай турган кыймылсыз мүлктүн тизмеси калыс түзүлсүн, салык алынуучу мүлктүн баасынын минималдуу чеги төмөндөтүлбөсүн, мүлктү баалай турган комиссиялар өкмөттөн толук көз карандысыз болсун» деген талаптарды коюшту.

XS
SM
MD
LG