"Ройтерс" телекөрсөтүүсүнүн кызматкери, украиналык оператор Тарас Процюк жана анын испаниялык кесиптеши Хосе Коусо "Палестина" аттуу мейманкананы АКШнын танктары аткылаганда окко учуп өлүп, дагы үч кабарчы жарадар болушту. Америкалык 3-дивизиянын командири, генерал Буфорд Блоунт мейманкана тараптан кимдир-бирөөлөр ок ачкандыктан, танктар ошол жакты аткылоого аргасыз болгонун айтат. Бүгүн таңга маал арабдардын "Ал-Жазира" телеканалынын кабарчысы АКШнын бомбалоосунан курман болуп, дагы бирөө жараат алган. Ушуну менен Ирактагы согушта курман болгон журналисттердин саны тогуз адамга жетти. Эл аралык журналисттер Федерациясы Ирактагы журналисттердин өмүрүнө кол салууну – "согуш кылмышы" деп атап, ал үчүн Ирактын бийликтери жана АКШ баштаган коалициялык күчтөр бирдей жооптуу деген билдирүү таратты.