ОШ. Коллегияда жарыя айтылган маалыматка караганда, Кыргызстандын Эсеп палатасы тарабынан 2002-жылы Ош облусу боюнча 181 ишкана мекеме текшерүүгө алынып, 60 млн.468 миң сомдук финансылык мыйзам бузуу аныкталган. Анын ичинен мыйзамсыз керектөө 6 млн. 503 миң сомду, кассадан жетпей калуу 15 млн.173 миң сомду, бюджет акчасын максатсыз пайдалануу 5 млн.116 миң сомду түзөт. Коллегияда финансылык айыпка тартылган бир нече ишкана, мекеме жетекчилери катуу суралды.