Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Куу илбирстин тукуму сакталат


БИШКЕК. Кыргызстандын бийик тоолорунда жашаган куу илбирсти коргоо боюнча эларалык фонд жана аны менен иштешип жаткан «Коомдук жана бизнес форуму» аттуу бейөкмөт уюм Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районундагы «Сарычат-Эрташ» коругуна жакын жердеги калк менен илбирсти коргоого алуу келишимдерин түзөт. Мындай маалыматты бүгүн АКИ-пресс агенттиги таратты. Маалыматка караганда, аталган эларалык фонд өз долбоорунун негизинде 2002-жылдан бери «Сарычат-Эрташ» коругуна жакын жерлерде иликтөө жүргүзүп, ал жерде илбирс жашай тургандыгын аныктаган. Эми куу илбирсти коргоого алуу үчүн жергиликтүү калкты малага келтирип, илбирс басып жей турган кайберендерге аңчылык кылууну токтотуу маселеси коюлууда. Фонд илбирсти сактоо боюнча эл арасында маалымат иштерин жүргүзмөкчү.

XS
SM
MD
LG