Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Багдаддагы режимдин кулаганы ирак эмигранттарын шатыра-шатман кылды


Сүргүндө жүргөн жетимиштен ашуун ирак тургундары Германияда атайын АКШнын элчилигине келип, президент Жорж Бушка ыраазылык билдиришти. Кошмо Штаттардын өзүндө да Хусейндин режими кулаганына байланыштуу ирактыктардын демонстрациясы болуп өттү. Түндүк Иракта миңдеген күрттөр көчөлөргө чыгышты. Кечээ Багдадда жергиликтүү тургундар шаардын борбордук аянтында Саддамдын айкелин танкага сүйрөтүп, кулатып салышты. Коалициянын аскерлерин алар гүлчамбар жана кол чабуулар менен тосуп алышты.

XS
SM
MD
LG