Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Бүгүн Санкт-Петербург шаарында Россиянын, Франциянын жана Германиянын лидерлери жолугушат


Президент Владимир Путин канцлер Герхард Шрөдөр жана президент Жак Ширак менен Ирактагы жагдайды талкуулайт. Бул үч өлкө АКШнын жана анын союздаштарынын Ирактагы аскерий операциясына каршы чыгышкан эле. Кечээ канцлер Шрөдөр Ирактагы кайра куруу иштерине ООН баш-көз боло турган болсо бул процесске Германия катышат эле деп ырастады. Президент Жак Ширак да Саддам Хусейндин режими кулаганын канааттанып кабыл алганын белгиледи, ошону менен бирге Ирактагы жагдайды жөнгө салууда ООН негизги роль ойнойт деген ишеничин билдирди.

XS
SM
MD
LG