Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

ИРАК: СОГУШ БҮТӨ ЭЛЕК


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирактын күрт аскерлери өлкөнүн үчүнчү чоң шаары Мосулга киришкени маалымдалды. Бирок шаардын толук алынган- алынбаганы белгисиз. Маалымат булактары ошондой эле шаардын капитуляциясы жөнүндөгү сүйлөшүүлөр башталганын тастыктаган жок. Ошондой эле кабарчылар америкалык аскерлер Саддам Хусейндин туулуп-өскөн шаары Тикритти алууга аракеттенип жатышканын малымдашууда.

Бүгүн эртең менен Ирактын өкмөттүк аскерлери менен шаар өкмөтү Мосулдан чыгып кеткендиги кабарланды. Бирок шаарды өткөрүп берүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөр жөнүндө эч маалымдалган жок.

10-апрелде күрт аскерлери Ирактын мунайга бай Киркук шаарын басып алышты. Шаарда турган Ирак аскерлери калааны дээрлик каршылык көрсөтпөстөн бошотуп берип, Тикрит шаарын көздөй чегинишкен. Күрт аскерлерин өз куткаруучуларындай кубануу менен тосуп алышкан шаардыктар кулаган режимдин символдору болгон Саддамдын эстеликтерин кыйратып, сүрөттөрүн өрттөп жатышты. 11- апрелде шаар акими Ризгарали Хамган шаар калкы расмий объекттерди тоноп жатышканын тынчсыздануу менен билдирди. Жумага караган түнү көчө салгылашууларында бир нече кишинин курман болгондугу кабарланды. Шаарды күрт аскерлеринен өткөрүп алышкан америкалык аскерлер азыр мунай кендеринин коопсуздандугун камсыз кылууга аракеттенип жатышат.

Киркук шаарынын алынышы күрттөрдүн эгемен мамлекет түзүүсүнөн чочулап турган кошуна Түркияны бейпайга салган. Убада кылышкандай эле күрттөрдүн аскердик жетекчилиги 11-апрелде шаарды америкалык аскерлерге өткөрүп беришти. Муну ырастаган АКШлык аскерлердин өкүлү генерал-майор Стэнли Мак Кристал мындай деп билдирди:

- Киркук АКШ аскерлеринин көзөмөлүндө. Биз азыр бул маселе боюнча коалициялык өнөгүбүз Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Америкалык аскерлер Саддам Хусейн туулуп өскөн Тикрит шаарын алуу операцияларын жүргүзүп жатышат. Шаардын аскердик жактан маанилүү объекттерине спутниктен башкарылган 6 бомба ташталды.

Ошону менен катар америкалык командачылык аскердик операциялар Ирактын башка чөлкөмдөрүндө да уланып жатканын билдирет. Саддам Хусейндин бир тууганынын Багдаттан 100 чакырымча батышта жайгашкан үйү да бомбаланды. Барзан Ибрахим Хасан ат-Тикрити Ирактын чалгындоо кызматын жетектечү. Америкалык командачылык анын үйүндө маанилүү документтер бар экенин божомолдойт.

Согуштук аракеттер Багдаттын айрым чөлкөмдөрүндө да жүрүп жатканы кабарланууда. Анда коалициялык аскерлер каршылык көрсөтүп жатышкан чакан бирин-серин партизандык топтор урушуп жатышат. 10-апрелде шаардын түндүк тарабындагы мечитти алуу үчүн жүргөн төрт сааттык салгылашууда бир америкалык солдат курман болуп, 20 чакты солдат жараат алышты. Мечитте Ирактын өкмөт төбөлдөрү жашынганы болжонгон эле.

Талап-тоноолор коалициялык аскерлердин колуна өткөн дээрлик баардык жерлерде орун алууда. Багдатта талап-тоноо эбегейсиз өлчөмгө жеткендиги кабарланат. Ээн калган дүкөндөр, элчиликтер, мектептер, товар сактаган кампалар, мекемелер менен ишканалар, өкмөттүк имараттар тонолуп жатат. Албууттанган калк өкмөт төбөлдөрүнүн үйлөрүндөгү эмеректер менен баалуу буйумдардын бирин калтырбай көтөрүп кетүүдө. Кой деген кожосу жок калган кишилер бек турган дүкөндөргө, ал тургай, кошуналарынын ээн калган үйлөрүнө кол салып жатышат. 11-апрелге караган түнү мүлкүн коргогон дүкөн ээлери каракчыларга ок ачышкан. Андан 25 киши жарат алгандыгы кабарланат.

Журналисттер шаарда турган америкалык аскерлер мындай баш-аламандыктарга эч бир чара көрбөгөнүн маалымдашууда. Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ирактагы жеңиш карапайым элдин өмүрү менен төлөнүп, өлкөнү гуманитардык алааматтын сазына ого бетер батырып жаткан талап-тоноолор менен коштолуп жатканына кейип, мындай деди:

- Ооба, биз калктын кубанганын көрдүк. Бирок карапайым эл менен аскерлердин жарадар болгонун көргөнүмдө, ирактыктар бул кубанычы үчүн өтө кымбат баа төлөгөнүн ойлойм. Ошондой эле биз талап-тоноолорду көрдүк. Өлкөдө мыйзам менен тартипти орнотуу азыр негизги маселе болууга тийиш.

XS
SM
MD
LG