Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

БИШКЕКТИН ТАЛКАЛАНГАН ЖОЛДОРУ, КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК КОДЕКСИ, ЖЕРИН САГЫНГАН АКЫН


Кыргызстандын демократиялык кодекси, коррупцияга аянбаган чабуул, Бишкектин ой-чуңкул жолдору, Акыйкатчы арыздардын төөбастысында калганы кыргыз басылмаларында байма-бай талкууга алынууда.

Демократиялык коопсуздук коомдук кеңеши Кыргызстандын демократиялык кодексин качан даярдап берет деп күтүп отурбай, белгилүү саясий ишмер Дастан Сарыгулов демократиялык кодекс вариантын жума күнкү “Слово Кыргызстана” гезитинде жарыя кылды. Кодекс “адам”, “калк жана коом”, “мамлекеттик бийлик” деген үч бөлүктөн турат. Анда адам төрөлгөндөн эркин жана тең укуктуу экени, коом элден бийик турбашы керектиги, мамлекеттик бийлик элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы зарылдыгы, мамлекеттик бийликти ээлеп алуу, аны жеке кызыкчылыкка пайдалануу оор күнөө экендиги белгиленген.

Коррупция элдин адилеттикке ишенимин өлтүрүп, калктын бийликтен окчундашына алып келээри ушул эле гезитте Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин маегинде чагылдырылган. Спикердин айтымында, коррупцияны түп-тамырынан жоюу мүмкүн эмес. Коррупцияга каршы күрөш аягына чыгарылбай келатышына, А.Эркебаевдин оюнча, улам-улам өткөн шайлоо, референдумдар, Баткендеги уруш, Аксы трагедиясы кыйла кедергисин тийгизди. Бул учурда деле күрөш жүрүп келди, майда чабактар торго түшүп, коррупциянын акулалары ээн-жайкын сүзүп жүрүшөт. Көп иштер аягына чыгарылбай, кылмыштуулар жазага кабылбай калышты.

Кыргызстан калкы аракечтик жагынан Орусиядан кем калбай баратканы Ш.Назаралиевдин “Балакетке алып барчу сокмо жол” деген макаласында козголот. Болжолдуу эсеп боюнча, Кыргызстандын ар бир жаранына бир жылга 10 литр арак туура келет. Кары-картаң, бала-чаканы, оорулуулар менен сопуларды эсепке киргизбегенде 5 миллион калктын канчасы ичимдиктин сазына тыгылып калганы ачыкка чыга келет.

Борбордук Азия өлкөлөрүнө сырттан коркунуч жок экендигине, аймактагы мамлекеттердин ич ара мамилеси кылдын учунда турганына жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев токтолгон. “Суу байлыгы, жол, транспорттук байланыш өңдүү бир топ маселелердеги талаш-тартыштарыбызга чекит коюлбай атпайбы?!», дейт экс-министр. Анын оюнча, Кыргызстан жанындагы коңшу өлкөлөр менен теңата мамилеге өтүшү керек, алар катуу болсо бекем туруп, чек арасын жабышы зарыл. “Кытай бир күнү дос болот,- дейт Муратбек Иманалиев,- эртең дос болбойм деп калышы ыктымал. Кыргызстан баарына даяр болушу керек”. Гезитте чет жерде жүргөн түркмөн акыны Шерали Нурмурадовдун журналист Амирбек Усманов менен маеги жарыяланган. Түркмөнбашынын заарынан коркуп чет жерде баш калкалап жүргөн акын: “Үч ирет кесилип, 11 жыл гүлгүн өмүрүм түрмөдө өттү”,- дейт. Нурмурадовдун айтымында, азыр Түркмөнстанда бир эле акын бар, ал С.Ниязов, сөзгө-сөздү жакшы кынаптап айта албаган Түркмөнбашы республиканын гимнинин да автору.

Кыргызстанда азыр А.Акаевге теңтайлашаар саясатчы жоктугу жума күнкү «Аалам» гезитиндеги Чыныбай Байызовдун ”Кеп интеллектуалдык катмарда эмес” аттуу макаласында айтылган. Автордун пикиринде, азыр Акаевге теңтайлашчу саясатчылардын көбү ачык чыкканга жүрөгү даабай туру. Ал эми саясаттагы майда чабактар жагдайды өзгөртүүгө жарамсыз. Ирактагы уруш соңуна чыгып баратканы Ж.Садыйкандын “Саддам “капут” деген макаласында баяндалган.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш сөз жүзүндө эле жүрүп атканын жума күнкү «Моя столица» гезитинде Феликс Кулов айтып чыкты. Анын айтымында, айыпка малынган чиновниктер бир орундан экинчисине которулуп, азырынча иштен майнап чыга элек. Чыгышы да күмөн. Ыймандуу башкаруучулардын улуттук кеңеши түзүлдү, коррупцияга катуу уруш жарыяланды, ишембиликтер байма-бай өтүүдө, концепция, тенденция жайында сөздөр арбын айтылууда. Бирок мунун баары тек ооз жүзүндө гана калып атканы Людмила Жолмухамедованын «Коррупциячылардын ак көңүлү», Геннадий Кузьминдин «Алтын эшиктин алдында олтурдук» деген макалаларында баяндалат. Бишкектин машиналар кымкуут каттаган чоң көчөсүндө жүктүү КамАЗ чуңкурга түшүп, алдыңкы дөңгөлөгү майышып, үч күн Таластан келген айдоочулар жолдо калышканын Геннадий Кузьмин баяндайт.

Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев арты кайгылуу аяктаган махабат баянын дастан кылып жазып, ага кыргыз акындарынын кыйласы үн кошушканын жума күнкү «Кыргыз туусу» менен «Эркин тоо» гезиттери жарыялашты.

12-апрелде Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов үйүнө телефон чалып, эсен-соолук сурайт. Анын ага-тууган, жакын адамдары Шакиржан акенин үйүнө чогулушуп, бул күнү майрамдык маанай өкүм сүрөөрүн жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады.
XS
SM
MD
LG