Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Венгриянын калкы өлкөнүн Европа Биримдигине кошулушун колдоду


Алгачкы маалыматтар боюнча, жекшембидеги референдумда Венгриянын Европа Биримдигине кошулушун добуш берүүгө келгендердин 83%ы колдоду. Добуш берүүгө болсо калктын 45% дайы катышкан. Ал эми Мальтада өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Эдди Фенеч Адаминин Улутчулдар партиясы жеңишке жетишип, 65 депутаттан турган өлкө парламентиндеги көпчүлүк орундарын сактап калды. Премьер –министр Эдди Адаминин партиясы Мальтаны Европа Биримдигине кошууну көздөйт, ал эми оппозициядагы Лейбористтик партия буга каршы болуп келген эле. Өткөн айдагы референдумда мальталыктардын 53%и өлкөнүн Европа Биримдигине киришин кубаттаган.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG