Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Мамлекет элге кызмат көрсөтүүгө өтөт


БИШКЕК. Бүгүн президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков маалымат жыйынын өткөрүп, мамлекетти акыйкат башкаруунун стратегиясы иштелип чыккандыгын кабарлады. Анын айтымында, ошого ылайык мындан ары мамлекеттик бийлик органдары элге кызмат кылуу багытын көздөйт жана аны так аткарууга бардык мамлекеттик бийлик органдары милдеттүү. Болот Жанузаковдун сөзүнө караганда, буга чейин Кыргызстанда коррупция боюнча бир да кылмыш иши ачылган эмес жана буга кыргыз элинин мүнөзүнө таандык ашкере тууганчылык, өң-тааныштык жана жердиштик өбөлгө болууда. Муну сот бийлиги баш болгон бардык тармактардагы коррупция айгинелейт.

XS
SM
MD
LG