Веллингтондун өкмөтү бүгүн жети уюмду "терррористтик топ" деп жарыялады. Кара тизмеге түшкөндөрдүн арасында Ооганстандын мурдагы өкмөт башчысы, талибдердин шериги Гүлбеддин Хекматияр жана түндүк ирактык күрттөрдүн "Ансар ал-Ислам" уюму бар.
Ошондой эле террористтик "ал-Каида" уюму менен байланышта деп шектелген чечен радикалдарынын үч тобу да тизмеге алынды. Бир эле мезгилде премьер-министр Хелен Кларк бул топтордун биринин да Жаңы Зеландияда кимдир-бирөөлөр менен алакасы бар экени маалым эмес экенин билдирди.