Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Сирия оңтойлуу жагдайды пайдаланабы?


Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро Сирия өзүнүн “кесирдүү” өлкө эмес экенин далилдөөсү үчүн оңтой келип турат деп билдирди.
Стронун АКШнын Катардагы Борбордук командачылык борборунда кабарчыларга билдиришинче:

- Сирия жооп берчү жана аткара турган айрым маанилүү суроолор бар. Алардын эң маанилүүсү: Сирия жаңы түзүлгөн кырдаалды түшүнүп, биз менен жана Кошмо Штаттары менен конструктивдүү кызматташканы жөндүү. Өзгөчө, Саддамдын режиминин качкын өкүлдөрү боюнча. Маанилүү кызматташууну баштоого азыркы жагдай оңдуу болуп турат.

Сирия өлкөдө химиялык куралдар жана Саддамдын өкмөтүнүн мартабалуу өкүлдөрү жок деп ырастоодо. Буга АКШ макул эмес. Мамкатчы Колин Пауэллдин айтышынча, Вашингтон Сирияга каршы дипломатиялык, экономикалык жана башка чараларды колдонуунун жолдорун карап көрөт.

XS
SM
MD
LG