Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Москвада Орусия менен Кыргызстандын өкмөт аралык комиссиясы жыйын курмак болду


БИШКЕК. 17-апрелде Москвада Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиянын алтынчы отуруму болот. Бүгүн Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, аталган жыйында Кыргызстандын Орусияга болгон карызынын эсебинен Кыргызстандын ишканаларынын акцияларын Орусияга берүү тууралуу сөз болот. Бул иш карыздарды жөнгө салуу боюнча Париж клубунун, Орусиянын жана Кыргызстандын ортосунда 2002-жылдын 7-мартында кол коюлган келишимдин алкагында жүргүзүлөт. Ал келишимге ылайык Кыргызстан Орусияга 58 миллион долларга жакын карызын төлөөгө тийиш. Ал эми Кыргызстандын Орусияга жалпы карызы 170 миллион доллардын тегерегинде.

XS
SM
MD
LG