Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Иракта өлкөнүн мурдагы финансы министри Хикмат ал-Азави кармалды


Бул жөнүндө билдирген америкалык аскердик командачылык ал-Азави Ирак режиминин издөө салынган 55 мүчөсүнүн бири экенин айтат. Андан мурдараак болсо Баас партиясынын жетекчилеринин бири, Ирактын мунай өнөр жай министри Абдал-Азиз ал-Наджим ирактык күрттөрдүн колуна түшүп, андан соң америкалык аскерлерге өткөрүп берилгендиги кабарланган. Америкалык аскердик жетекчилик нервди шал кылуучу газды иштеп чыгарууга катышкан деп шектелген адис Ирактагы америкалык аскерлердин колуна түшүп бергендигин айтат. Андай газды Ирак мындан 10 жыл мурда чыгарган.

XS
SM
MD
LG