Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

САДДАМДЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ КАРМАЛДЫ


Коалициялык күчтөр Багдадда Ирактын мурдагы финансы министрин кармашты, ал эми Мосулда күрттөр “Баас” партиясынын регионалдык лидерин туткунга алып, америкалыктарга өткөрүп беришти. Мындан тышкары дагы бир ирак илимпозу колго түшүп берди. Жума күнү Сауд Аравиясынын борборунда сегиз өлкөнүн тышкы иштер министрлери региондогу жагдайды талкуулап, коалициялык күчтөрдү Ирактан чукул арада чыгып кеткенге чакырышты.

Саддам Хусейндин финансы министри Хикмат Ибрагим ал-Аззауини америкалыктарга ирак полициясы кармап берди. Экс-министрге чейин эски режимдин жогорку даражалуу беш чиновниги колго түшкөн эле. Коалиция активдүү издөө жарыялаган 55 адамдын тизмесинде Хикмат 45-орунда турган. Ага удаалаш түндүктөгү Мосул шаарында жергиликтүү күрттөр “Баас” партиясынын регионалдык лидери, мурдагы мунай өндүрүш министри Самир Абдал Азиз ал-Нажимди кармап алып,америкалык аскерлерге өткөрүп берген эле. Уруш башталганда ал-Нажим Багдаддын чыгыш райондоруна комендант болуп дайындалган. Мосулга аны Саддам түндүктөгү армиянын каршылык көрсөтүү операцияларын координациялоо үчүн жөнөткөн болушу да ыктымал.

Коалициянын Катардагы штабында башкы командачылыктын өкүлү майор Рэнди Стеффи жума күнү Багдадда Хадр ас-Салахат аттуу адам да өз ыктыяры менен колго түшүп бергендигин билдирди. Стэффи аны “эл аралык террорист” деп атады. Командачылыктын өкүлү айткан сөздөргө ылайык, коалиция менен кызматташууну каалагандар барган сайын көбөйүп баратат. Атап айтканда, Ирактын химиялык курал-жарак программасына катышкан окумуштуулардын бири Эмад Хусейн ал-Ани да америкалыктарга өзү келип, маанилүү маалыматтар бергенге даяр экендигин ырастаган. Анын жардамы менен жакын аралыкта химиялык же массалык кыргын салчу куралдардын башка түрлөрүнүн жашыруун кампалары табылып калышы мүмкүн. Азырынча болсо коалициялык күчтөр казыналуу кампаларга гана кабылып жатышат. Багдаддагы банктардын биринен, мисалы, ири өлчөмдөгү уютма алтын табылды, алардын жалпы баасы бир миллирад долларга жетет дешет. Банк азыр катуу күзөткө алынды. Экинчи бир райондон болсо “Баас” партиясынын валюталык кассасынан 650 миллион доллар конфискацияланды. Ал эми Саддамдын өзү жөнүндө, аскерий командачылыктын өкүлдөрү ырасташкандай, дале даректүү бир маалымат жок. Жума күнү Бириккен Арап эмиратындагы “Абу Даби” телекомпаниясы Саддамдын Багдаддагы эңгезердей чоң эстелиги кулатылган күнү шаардын экинчи бир районунда болгон окуяны баяндаган кадрларды көрсөттү. Телесюжетте ирак диктатору уулу Кусай экөө кан көчөдө азан-казан түшкөн эл менен сүйлөшүп, куралчан тарапкерлери аны куттуктап, бура бастырбай жаткан учуру тартылган. Бул кадрларды “Абу Даби” телеканалына белгисиз бирөөлөр алып келип беришкен. Эксперттер телекадрдагы адам Хусейндин өзү эмес, ага түспөлдөш жасалма түгөйлөрүнүн бири болуу керек деп түкшөмөлдөштү.

Ассошейтед пресс ишемби күнү коалициялык аскерлер миңге жуук ирак жоокерлерин туткундан бошоткондугун кабарлады. Алардын баары Ирактын регулярдуу армиясында кызмат кылган эмес, уруштарга да катышпаган дешет. Жалпысынан туткунда дагы 7 миңдей адам калды. Алар үчүн Ум-Касрга жакын жерде атайын лагер түзүлүүдө. Ошону менен бирге америкалык айрым аскер бөлүктөрүн алдыдагы күндөрдө Ирактан чыгаруу иши баштала тургандыгы айтылып жатат. Багдадды алган деңиз аскер бөлүктөрүн ишемби күнү жөө аскерлер алмаштырды, аларга негизинен шаардагы турмушту калбына келтирүү милдети жүктөлдү. Жума күнү Сауд Арапстандын борборунда жыйынга чогулган сегиз өлкөнүн тышкы иштер министрлери Кошмо Штаттары менен Британияны Ирактан чукул арада чыгып кеткенге чакырышкан эле. Кабыл алынган билдирүүдө Иракта жаңы бийлик түзүү ишин тездетүү зарылдыгы белгиленип, бул иште Бириккен Улуттар Уюму башкы ролду ойношу керек деп айтылды. Ошондон кийин гана, министрлердин пикири боюнча, Иракка каршы киргизилген санкциялар алынууга тийиш. Конференцияга Ирак менен чектешкен алты өлкөнүн, ошондой эле Бахрейн менен Египеттин тышкы иштер мекемелеринин башчылары чогулган эле. Жыйындан кийинки сөзүндө Сауд Арапстандын министри ханзаада ал-Фейсал коалициянын контингентин “оккупациялык күчтөр” деп атап, Ирактагы бардык иштердин жоопкерчилиги эми ошолорго жүктөлө тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG