Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Арменияда парламенттик шайлоо кампаниясы башталды


Добуш берүү 25-майга белгиленген. Борбордук Шайлоо Комиссиясы парламенттеги 131 орун үчүн 20дан ашуун саясий партиялар менен топторду, 500дөй жеке талапкерди каттады. Армениянын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан азыркы парламентинде президент Роберт Кочаряндын жактоочулары басымдуулук кылат. Р.Кочарян өзү өткөн айда дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланды. Президенттик шайлоо жараяны армян оппозициясы менен катар эл аралык байкоочулар тарабынан да сынга алынган. Эми 25 -майда парламенттик шайлоо менен бирге өлкөнүн Конститутциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум да өтөт. Президент Р.Кочаряндын ырастоосунда,сунуш кылынган өзгөртүүлөргө ылайык мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары чектелип, парламенттики күчөтүлөт. Бирок ,анын саясий атаандаштары мунун тескерисин айтууда.

XS
SM
MD
LG