Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Орусияда кооптуу куралдардын калдыктары кармалды


Жергиликтүү бажы кызматы Балтика деңизинин Калининграддагы жээгине кирип бараткан кемеден радиоактивдүү материал шыкалган жашыруун контейнер табылганын кабарлады. Кооптуу жүк кемедеги килем токуучу жабдуулар арасына катылып коюлган экен. Регионалдык бажы кызматынын өкүлү Елена Синявская Бельгиядан келаткан кемедеги жүктүн баары Калининград облусунун Зеленоград районуна жеткирилмек деп кошумчалады. Ал адистер кемеде радиация деңгээли өтө жогору болгондуктан, унааны порттон алыс, оолак жерге токтотуп койгонун маалымдады. Бирок азыр эл аралык полиция уюму, же Интерпол тергөө жүргүзүп жаткандыктан, радиоактивдүү, кооптуу материалдын көлөмү тууралуу жана башка кошумча маалымат айтылган жок.

XS
SM
MD
LG