Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Бангладеште жүздөн ашык адам чөгүп өлдү


21-апрелде кечинде Бангладеште эки сал чөгүп кетип, 130 адам курман болуп, дагы 260 киши дайынсыз жок деген эсепте. Төрт жүздөй жүргүнчүсү бар бир сал борбор калаа Дакка шаарынын алдында катуу жаан учурунда аңтарылып кеткен жана куткаруучулар 80 гана кишинин денесин тапты. Өлкөнүн түштүгүндө болсо дагы бир салдын үстүндө үйлөнүү тою уюштурулган жана ал чөгүп кеткенде, анда элүүдөй адам бар болчу. Андан тышкары, катуу шамал коштолгон жаандан ошол эле күнү Бангладеште ар башка үй-имараттар урап, өлкөдө дагы 17 адам курман болду.

XS
SM
MD
LG