Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Орусиянын ири мунай компаниялары биригүүдө


Орусиянын эки ири мунай компаниясы биригүүдө. "Юкос" атуу компания 22-апрелде жасаган билдирүүгө караганда, ал азыр үч миллиард долларга "Сибнефть" атуу компаниянын акцияларынын 20 пайызын сатып алууда жана кийин "Сибнефтти" толугу менен колго алат. "Юкос" мурда Орусиянын эң чоң, "Сибнефть" болсо өлкөдөгү бешинчи мунай фирмалары болчу. Жаңы компаниянын аты "ЮкосСибнефть" болот жана "Юкостун" мурдагы президенти Михаил Ходорковский анын деректири, ал эми "Сибнефттин" мурдагы президенти Евгений Швидлер жаңы компаниянын төрагасы болот. "ЮкосСибнефть" 20 миллиард баррель мунайга ээлик кылат жана күнүнө эки миллион баррель өндүрүп, дүйнөдө төртүнчү орунга чыгат.

XS
SM
MD
LG