Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Ысыккөл облусунун Тоң районундагы Арчалы аймагында жол жабылды


КАРАКОЛ. Облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Аскар Жаныбековдон алынган маалымат боюнча, өткөн жуманын акыркы күндөрүндө аталган райондун алыскы Арчалы, Сырт өрөөндөрүнө тынбай жааган кардын калыңдыгы 1,5 метрге жетти. Аба ырайынын мындай ыңгайсыз шартынан улам Арчалы маданий комплексиндеги 60 туннель электр жарыгысыз калды. Жолдордун жабылып калгандыгынан улам байланыш үзүлдү. Учурда автоунаа каттоочу жолду ачыш үчүн кошумча техника жөнөтүлдү. Аталган райондун «Айкөл» үрөнчүлүк-өндүрүштүк кооперативинин Сырт өрөөнүндө кыштатылуучу малына жем-чөп жиберилип, тамак-аш, дары-дармек жагынан жардам берилүүдө.

XS
SM
MD
LG