Сербиянын президентинин милдетин аткаруучу Наташа Мисич өлкөдө өзгөчө кырдаал абалы жоюлганын жарыялады. Өзгөчө кырдаал абалы Сербияда өткөн айда экс-премьер-министр Зоран Жинжич киши колдуу болуп өлгөндө киргизилген болчу. "Андан бери 42 күн өттү, серб өкмөтү Жинжичти өлтүрүүгө катышы бар 18 кишини кармап, күнөөсүн мойнуна такты", - деп белгиледи Наташа Мисич. Башкы күнөөкөр деп шектелген кылмыштуу "Земун" тобунун башчысы Милорад Лукович бирок, дагы эле изин жашырып жүрөт.