Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

КЫТАЙДА ӨНӨГӨСҮЗ ӨПКӨ ООРУСУ ТЕЗДИК МЕНЕН ТАРАЛУУДА


Бакыт Аманбаев, Прага шаары Соңку мезгилдери Кытайда өнөгөсүз өпкө оорусу тездик менен таралууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун соңку маалыматында санааркоо менен белгиленет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө караганда, Кытай өкмөтү мындай оору алгач пайда болгон күндөн бери өтө тездик менен тарап жаткандыгын мойнуна алды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) учурда Кытайда жүргөн өкүлү Хенк Бекедам Рейтер агенттигинин кабарчысына берген маегинде өзүнүн санааркоосун жашырган жок:

- Эгерде жакын арада мындай каргашалуу илдеттен айыктыруунун жолу табылбаса, оорунун тездик менен дүйнөгө таралышын эч ким токтото албаары айкын болуп калды.

Анын айтымында, миллиарддан ашуун калкы бар Кытайда оорунун жайылуусун токтотууга мүмкүн болбой жатат. Анткени учурда Кытайдын бардык провинцияларында ооруну жуктурбоо үчүн жакшы шарттар бирдей түзүлгөн жок. Эгерде, орточо эсеп менен Кытайдын бир провинциясында ооруну жугузган 100 адам каттала турган болсо, анда Кытайда 31 провинция, регион жана бир нече чоң шаарлар бар экендигин эске алганда, оорунун кандай тездик менен таралышын элестетүүгө болот. Ошону менен бирге эле Кытайдын 1 миллиард 300 миллиондон ашуун калкынын 70 пайызы тазалык шарттары начар элет жеринде жашашат. ДСУнун Кытайдагы өкүлү Хенк Бекедамдын айтымында, алгач оорунун белгилери билинген чакта Кытай бийлиги ага анча көңүл бурбай келсе, соңку мезгилдери Бээжин оорунун алдын алуу боюнча өзгөчө аракеттерди көрө баштады:

- Менин оюмча, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы абдан так болгон. Ал эми Кытай бийлиги болсо илдет тууралуу толук маалымат берген эмес. Кытай өкмөтү учурда ооруга чалдыккандардын санынын көбөйүшү жана анын кесепети тууралуу ачык айта баштады. Мындай жылыш соңку учурда байкалды.

Чындыгында эле, кырдаалдын оор экендигин өткөн жумада Кытайдын премьер министри Вен Цзябао мойнуна алып, айыктырылгыс оору мындан да тез таралышы мүмкүндүгүн жана ал келечекте өтө кейиштүү натыйжага алып келээри ыктымалдыгын белгиледи. Учурда өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыккандар Кытайдын көп провинцияларында, Монголиянын түндүк аймактарында жана Торонтодо (Канада) катталды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун соңку маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө чейин аталган оорудан 209 адам каза болду. Мындан сырткары дүйнөдөгү 25 өлкөдөн 3900гө жакын адам ушул ооруга чалдыкканы каталган жана оору абдан тездик менен жайылууда. Азырынча дүйнө окумуштуулар оорудан айыктыруучу дарыны табыша элек.

XS
SM
MD
LG