Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Быйыл 13-14-июнда Чехияда референдум өткөрүлөт


Ага өлкөнүн Евросоюзга кошулушу жөнүндөгү маселе коюлат. Президент Вацлав Клаус бүгүн референдум өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол коюп, өлкөнүн калкын жалпы элдик добушка салынып жаткан маселени активдүү колдоого чакырды. Эмдиги жылдын май айында Чехия чыгыш жана борбордук Европадагы 9 өлкө менен бирге Евросоюзга кабыл алынышы керек. Бул маселе боюнча Венгрияда, Словенияда жана Мальтада референдум өткөрүлдү. Чехиядагы коомдук пикирдин соңку көрсөткүчтөрү ырастагандай,өлкөдөгү калктын 79 проценти референдумга коюлган сунушту жактайт.

XS
SM
MD
LG